Абдирашит ажы Батыров Кара-Суу районунун акими менен жолугушту

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондун акими Темирболот Абыкеев менен жолугушуп, Рамазан айында муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин уюштуруу жана ишембилик иш-чарасын дайыма уюштуруу тууралуу пикир алышты.

«Рамазан айында имамдарыбыз кайрымдуулук иштерин байма-бай уюштуруп жатышат. Буйруса дагы да улана бермекчи. Ошондой эле, 18-мартта өткөрүлгөн ишембилик иш-чарасына дин кызматкерлери активдүү катышты. Азирети Муфтийдин буйругуна ылайык, дин кызматкерлери 18-майга чейин ишембилик иштеринде жигердүү кызмат көрсөтүшөт», – деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Темирболот Абыкеев баш имам-хатибди Рамазан айы менен куттуктап, дин кызматкерлеринин кайрымдуулук жана ишембилик иштериндеги активдүүлүгүн баалап, ыраазычылык билдирди.

«Орозо айында уюштурулуп жаткан кайрымдуулук иштерине жана ишембилик иш-чарасына активдүү катышып, жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Элди ынтымакка, достукка чакырууда, жакшылык иштерди уюштурууда сиздердин салымыңыздар чоң. Буйруса дагы да жакшы иштерди биргеликте аткарабыз», – деди район акими Темирболот Абыкеев.