Абдималик ажы Турсунбеков «Айша» диний окуу борборунда «Исламда аялзатынын кийинүү тартиптери» боюнча баяндама жасады

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков ДИМК ТАБдын өкүлү Ибрахим Жумабай уулу менен биргеликте Араван районундагы «Айша» атындагы аялдардын диний окуу борборун зыярат кылып, студенттерине «Исламда аялзатынын кийинүү тартиптери» деген темада баяндама жасады.

«Исламда аялзатынын кийинүү тартиптери боюнча айта турган болсок, хижаб парз, бирок жүздү жабуу (никаб) парз эмес. Анткени аялдын жүзү аврат болуп саналбайт. Негизи эле, жүзүн жабуу (никаб) коомдук коопсуздукка да таасир тийгизип келет. Себеби, жүзүн жаап алып, динди жаман көрсөтүп жаткандар да жок эмес. «Сүннөт кийим» деген башкалар караганда өөн учурабай турган, жарашыктуу кийимдер болуп саналат. Ошондой эле кийим кийүүдө үрп-адат, каада-салт да каралат. Ал эми биздин салттык кийимдерибиз шарияттагы эрежелерге дал келет. Аялзатынын кийинүү тартиптери боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан да билдирүү берилген», – деди Абдималик ажы Турсунбеков. Ал эми ДИМК ТАБдын өкүлү өлкөдөгү дин тутуу эркиндиги, мамлекеттик мыйзамга баш ийүү ж.б. боюнча баяндама жасады.