Кара-Сууда аялдарга «Исламда кийинүү тартиптери» аттуу жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 21-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы жалпы аялдарга «Исламда кийинүү тартиптери» аттуу жыйын болуп, анда Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, ДИМК ТАБ башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, «Ыйман Бакыт» коомунун жетекчиси Талант Алмаматов, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жана Ош облустук казыятынын аялдар менен иштөө адиси Жамийла Жапашова өз баяндамаларын жасашты.

«Мазхаб – бул шариятты түшүнүү жолу же диний укуктук мектеп. Башкаларга илим үйрөтүүдөн алдың өзүңүз мазхаб тууралуу толук маалыматка ээ болушуңуз керек. Илим алуунун максаты ар бир нерсенин өкүмүн билип, ага амал кылуу. Шариятыбызда аялдын жүзү аврат болбогондуктан, жүзү ачык болсо күнөөкөр болбойт. Мындайча айтканда, анын өкүмү парз эмес. Капкара түстөгү кийимди кийип, бүт денесин жаап алгандар көзгө өөн учурап, коомду чочутуп алууда. Ошол себептен, динибизде парз болгон хиджабды кийгенибиз жетиштүү. Анткени хижаб биздин салтыбызга да дал келет», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

«Бир эненин беш баласы болсо, бешөөнүн кандай болуусу эненин берген тарбиясына көз каранды. Ошол себептен, илимди расмий диний окуу жайлардан алыңыздар. Сиз адашсаңыз артыңыздагы балдарыңыз да ошол тарбия менен өсүп чоңоёт. Туура эмес тарбия экстремисттик уюмдарга кошулуп калуусуна себеп болуусу мүмкүн. Эмне себептен экстремизм жана терроризмдин алдын алуу өтө маанилүү? Анткени өлкөдө тынчтык болбосо, ибадат кылууга, илим алууга шарт болбой калат. Ошол себептен тынчтыктын кадырын билип, тынчтыкты сактоого өз салымыбызды кошуп калалы», – деди Фурхатбек Адилбек уулу.

«Ислам динин карманган ар бир адам бири-бири үчүн диндеш бир тууган болуп саналат. Урууга, улутка, жамааттарга бөлүнүү динибизге туура келбейт. Ислам дини тынчтыкка, ынтымакка чакырган дин. Ошол себептен, көбүрөөк илим алганга аракет кылалы. Айта турган болсок, облустук казыят тарабынан жумасына сабактар уюштурулган. Илим адамды караңгылыктан жарыкка алып чыгат. Биз илим алган үй-бүлөдө зордук-зомбулук, түшүнбөстүктөр болбойт деп ишенебиз», – деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Айта кетсек, баяндамалардан соң жыйын суроо-жооп иретинде жыйынтыкталды.