Фурхатбек Адилбек уулу: «Мекенди сүйүү – бул ар бир жаран өз кесибин мыкты аткаруусу»

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Имам Мухаммад ибн Хасан аш-Шайбани» медресесин зыярат кылып, студенттерине «Мекенди сүйүү» темасында баяндама жасады.

«Өлкөдө жашап жаткан ар бир жаран «менин Мекениме эмне пайдам тийди?» деген ойдо болуусу керек. Анткени өлкөсү жок канчалаган элдер бар, сан жагынан бизден көп, бирок эгемен өлкөсү жок. Ошол себептен, тынчтыкты сактоо үчүн динибизде Аллахка, пайгамбарга жана өзүбүздүн арабыздан чыккан башчыга баш ийүү керектиги айтылган. Мекенди сүйүү – бул ар бир жаран өз кесибин мыкты аткаруусу. Ошондой эле, улуттук баалуулуктарды сактап, өзүбүздүн жарашыктуу кийимдерди кийип, жакшы окуганга аракет кылалы. Буйруса жакшы окуп, өз кесибиңер боюнча мыкты деңгээлде жетип, элди ынтымакка, достукка чакырган күчтүү адис болууга умтулгула. Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу үчүн мамлекетке өз салымыңарды кошкула», – деди Фурхатбек Адилбек уулу.

Аталган диний окуу жайдын мүдүрү Кылычбек Камилов ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулуна убакыт таап келип, студенттерге баяндама жасап бергендиги үчүн ыраазылык билдирди.