![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/03/1034670679_1923_0_4892_3265_1920x0_80_0_0_f0f49cdad46f24081a2a4d53f2c44c45-e1648615613363.jpg)
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондун жалпы имамдары Рамазан айында кайрымдуулук иштерин байма-бай уюштуруп жатканын, аны жергиликтүү эл да колдоого алып демөөрчүлүк кылып жатканын билдирди.
Айта турган болсок, Отуз-Адыр айыл аймагынын Кыш-Абад айылында жайгашкан «Кыш-Абад» мечитинин имам-хатиби Абдималик Батыровдун демилгесин жергиликтүү элден Жайнак Акимов жана Ибрагим Давудов колдоого алып, 200 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 300 миң сомду түздү. Жардам баштыкчасында тамак-аш үчүн керектелүүчү ун, май, макарон сыяктуу ж.б. азык-түлүктөр камтылган.
Ошол эле учурда Шарк айыл аймагындагы «Мирзаалимбай» мечитинин имам-хатиби Мусажан Усманов дагы муктаж үй-бүлөлөргө 36 миң сомдук жардам бергендигин билдирди.
«Куранда: «Жакшылык иштерде жарышкыла» деп айтылган. Ошол себептен, Кара-Суу районунун имамдары Рамазан айы башталгандан баштап, кайрымдуулук иштеринде бири-бири менен жарышып келе жатышат», – деди Абдирашит ажы Батыров.