Талантбек ажы Темирбаев: «Жума жана таравих намазга барганда автоунааны ыңгaйлуу жерлерге токтотолу»

Кечээ, 22-март күнү Бишкек шаарындагы «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте шаардагы жалпы имамдарга чукул жыйын өткөрүлдү.

 Жыйынга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Азамат Аманов жана Бишкек шаардык мусулмандырынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев баштаган 72 мечиттин имам-хатибдери катышты. Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, бир катар тапшырмалар берилди.

 — Таравих намазы;

— Жол коопсуздугу;

— Наркотикалык заттардын зыяндуулугу.

Жыйын башында Азамат Аманов наркотикалык заттардын зыяндуулугу боюнча кенен маалымат берип, азыркы учурда жаш өспүрүмдөр арасында бул жосун бат жайылып, орчундуу маселе болуп жаткандыгын баса белгилеп, бул жаатта диний кызматкерлер түшүндүрүү, алдын алуу иштери боюнча жардам берүүсүн суранып кетти.

«Баарыңыздарга маалым болгондой, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жетекчилиги шаардагы мечиттерди кыдырып таравих намаздарына катышууда. Ошондуктан мечиттердин тазалыгына жана намаз убактыларына көңүл бурууну тапшырма катары айтып кетем.

Экинчи маселе: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги ыйык Рамазан айында жума жана таравих намаздарында жол жээктерине жакын жайгашкан мечиттердин айланасындагы жол тыгындарын жөнгө салышат. Жол тыгындарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча бир айлык иш-чара болуп жатат. Бул боюнча атайын Азирети Муфтийдин тапшырмасы бар, ошондуктан биз баарыбыз жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо мечитке келген жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө кызмат кылалы.

Жума намазга жана кечкисин таравих намазга барган учурда унааны туура жерлерге токтотуу, мечиттердин айланасында жашаган тургундарга да ыңгайсыз абалдарды жаратпоосун, ошондой эле өспүрүмдөрдүн арасында күчөп жаткан наркотикалык заттардын зыяндуулугу боюнча баяндарда эскертип өтүңүздөр», – деди Талантбек ажы Темирбаев.