![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/03/80d7e360-fa3f-4d22-a918-e81688128738-—-копия.jpg)
Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Бостери» мечитинде 66 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Кайрымдуулукка аталган мечитти куруп берген Кувейт мамлекетине караштуу кайрымдуулук фонддору демөөрчүлүк кылды.
Орозо айында айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө берилген азык-түлүктүн жалпы наркы 132 000 сомду түзүп, ар биринде 2000 сомдон турган тамак-аш баштыкчасы таратылды.
Иш-чаранын башында айыл имамы Бакыт Каримов туруп, жардам баштыктарын алып жаткан адамдарды орозо айы менен куттуктап, демөөрчүлөргө айыл тургундарынын атынан ыраазычылык билдирди.