«Имам Азам» мечитинде кезектеги рамазандык кайрымдуулук уюштурулду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров Кашкар-Кыштак айылындагы «Имам Азам» мечитинин имамы Мирза Артиковдун демилгеси менен Рамазан айында экинчи жолу кайрымдуулук уюштурулгандыгын билдирди.

Бул жолкусунда да 50 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды. Аталган баштыкчада эт, 5 л май, 5 кг күрүч менен макарон, 4 килограммдан пияз, сабиз, картошка жана башка керектүү азыктар камтылган. Бир баштыкчанын суммасы 4510 сом болуп, жалпы кайрымдуулуктун суммасы 225 500 сомду түздү.

«Имамдарыбыздын кайрымдуулук иштери сайтка чыга баштаган соң, бири-биринин артынан жарышып, жакшылык иште атаандашуу болууда», – деди Абдирашит ажы Батыров.