Абдималик ажы Турсунбеков Араван районунун имамдарына жыйын өткөрдү

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Араван райондук хатибиятынын жыйындар залында райондогу жума окулчу мечит имамдарына жыйын өткөрүп, төмөнкү маселелер боюнча баяндама жасады.

— Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат;

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;

— Никаб (паранжа) маселеси;

— Таравих намазы, катмы Курандарды тиешелүү эрежелерге ылайык окуу;

— Намазда имамчылыкка селде, чепкен менен өтүү.

«Кудайга шүгүр, башка мамлекеттерге салыштырмалуу өлкөбүздө дин тутуу эркиндиги берилген. Эми бул диний эркиндикти пайдаланып ар кандай агымдар чыгып, туура эмес фактылар катталып жатат. Эң алгачкы учурдагы орчундуу маселеси коомдо никаб (паранжа) маселеси болуп жатат. Бул боюнча да эл арасында туура түшүнүктөрдү жайылтып, анын шарияттык ордун жеткирүү зарыл болуп турган учур. Шариатта аялдын денеси жабыш керек болгон жерлер ачык көрсөтүлгөн. Коомчулук азыркы учурда паранжага даяр эмес, бул биздин салтыбызга өөн учурай турган кийим болуп саналат. Ошондуктан эл-журтту дүрбөлөңгө салбай, парз болгон хижабды эле кийүү зарыл. Жыйынтыктоочу сөз катары колубуздагы дин эркиндигин баалап, барктап, кадырына жетели», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.