Бекназар ажы Жапаров Жаңы-Ноокат аймагынын тургундары менен жолугушту

Кечээ, 22-март күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Жаңы-Ноокат аймагынын борбордук «Жоме» мечитинде жергиликтүү эл менен жолугушуп, бир канча темада өз баяндамасын жасады.

— Ысырапкорчулуктун алдын алуу;

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;

— Рамазан айында кайрымдуулук иштерди уюштуруу;

— Исламда аялзатынын кийинүү тартиптери.

Баш имам-хатиб баяндаманын соңунда, «Жоме» мечитинин имам-хатиби Хамиджан кары Пазыловго Ноокат райондук хатибияты тарабынан ыраазычылык баракчасын тапшырды. Айта турган болсок, аталган мечиттин имам-хатиби Хамиджан кары Пазылов 40 жылдан бери дин чөйрөсүндө эмгектенип келет.