Эмирлан ажы Бообеков Корул аймагынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 23-март күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Корул аймагынын тургундары менен жолугушуп, төмөнкү маселелер боюнча баяндама жасады.

— Диндеги аша чабуу;

— Радикалдык көз караштардан алыс болуу;

— Рамазан айында кайрымдуулук иштерин уюштуруу;

— Ынтымакты бекемдөө. «Ислам дини тынчтыкка, ынтымакка чакырган дин болуп саналат. Учурда өлкөбүздө тынчтык, дин эркиндиги болуп, элибиз диний ибадаттарды аткарганга бардык шарттар түзүлгөн. Буга шүгүр келтирүү менен өз учурунда кадырын билели. Мындан да аша чаап, радикалдуу көз караштарга аралашып калуудан сак болуңуздар. Учурда Рамазан айында кайрымдуулук иштерин уюштурууга аракеттенели. Анткени бул айда жакшылык иштердин сооптору эселеп берилет», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.