Ысык-Атада 50 муктаж үй-бүлөгө кайрымдуулук жасалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Убабековдун айтымында,»Амир» мечитинин имамы Идрис ажы Юбуровдун демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөгө жалпы суммасы 200 миң сомду түзгөн азык-түлүк таратылды. Анын алкагында ар бир муктаж үй-бүлөгө 1 кап ун, 1 кап картөшкө, 1 кап пияз, 10 кг күрүч, 5  кг кум шекер, 5 л суу май жана башка керектүү азыктар берилди.

«Пайгамбарыбыз куттуу хадисинде «Оң колуң берген садаканы сол колуң билбесин» деген. Бүгүнкү кайрымдуулук кылган бир тууганыбыз өз ысымын жарыя кылбашыбызды суранды. Коомубузда ушундай берешен жарандар турганда Аллахтын жакшылыгы үзүлбөйт. Аллах Таала ал бир тууганыбыздын үй-бүлөсүнө береке, ден соолук берсин», – деп батасын берди Бакытбек ажы Убабеков.