«Имам Мухаммад» медресесинин студенттери Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багында ишембилик өткөрүштү

Бүгүн, 23-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Имам Мухаммад ибн Хасан аш-Шайбани» медресесинин студенттери Азирети Муфтийдин буйругуна ылайык жана өлкө башчынын «Жашыл Мурас» демилгесин колдоо максатында Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багында ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликке райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов, «Имам Мухаммад ибн Хасан аш-Шайбани» медресесинин мүдүрү Кылычбек Камилов жана аталган медресенин 100 студенти катышты.

«Өткөн жумада өткөрүлгөн ишембиликте «Апиза эне» ислам институтунун студенттери келип, тазалоо иштерин жүргүзгөн. Мына эми «Имам Мухаммад» медресесинин студенттери келишти. Буйруса кийинки жумада башка медресенин балдары келип ишембилик өткөрүшөт. Эс алуу багын кезектешип таза кармоого аракет кылабыз», – деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Айта кетсек, ишембиликте бак ичиндеги арыктар чабылып, таштандылар тазаланды. Жалпы 300 кап таштанды чыгарылды.