Ош шаарында муктаж жарандарга рамазандык баштыкчалар таратылды

Бүгүн, 23-март күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жана “Примов” кайрымдуулук фонду менен биргеликте муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр таратылды. 

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов иш-чара катышуучуларын Рамазан айы менен куттуктап, «Орозо айында ар бир кылынган сооптуу иштер эселенип кайтарылат. Андыктан баарыңыздарды сооптуу иштерди жасоого чакырам. Орозодон кийин да кайрымдуу болууга аракет кылсак абдан жакшы болот», – деди.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы жалпы мечиттерде кайрымдуулук иш-чаралары кызуу жүрүүдө.