Чүйдө жалпы диний кызматкерлер ишембилик өткөрүштү

КМДБ жетекчисинин №75 буйругунун негизинде Чүй облусунда жалпы диний кызматкерлер ишембилик өткөрүшүүдө.

«Ислам – бул тазалыктын жарчысы. Ислам дининин эң ири максаттарынын бири – бул адам баласынын ички жана сырткы дүйнөсүн тазалоо. Ислам дининде «Тазалык» өзгөчө мааниге ээ. Ички дүйнөнүн да, сырткы дүйнөнүн да тазалыгы жөнүндө Куранда жана пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадистеринде кенен баяндалган. Мусулман баласынын эң маанилүү милдеттеринен болуп эсептелген ибадаттарды аткаруу үчүн руханий тазалык менен бирге материалдык тазалык да талап кылынган. Анын тулку-бою, кийим-кечеси, айлана-чөйрөсү таза болуусу кажет. Ыйык Куранда АллахТаала мындай деген: «Ал жерде (күнөөдөн) абдан тазарууну чындап ниет кылган кишилер бар. Аллах да абдан тазаларды сүйөт». Мына ошондуктан биз, мусулмандар, ар тараптуу үлгү болууга тийишпиз», – деп билдирди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.