Мирланбек ажы Токтомушов: «Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген»

Бүгүн, 23-март күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан «Кыргызстандагы диний кырдаал: салттуу эмес агымдар жана радикализм, эктремизмдин алдын алуу» аттуу иш-чара өткөрүлүп, тиешелүү адистер лекцияларды окушту.

Аталган иш-чарага Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жана казыят кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер минстирлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын полковниги Раатбек Турусбеков, КР ДИМК ТАБдын адиси Акмат Оморов, “Мутакаллим” фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, Ош шаарындагы жалпы аялдардын диний окуу жайларынан мугалимдер, студенттер жана шаардагы кыз-келиндер катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө лекторлор баяндамаларын жасап, дин чөйрөсүндөгү мониторингдер боюнча малымат берип, азыркы учурда ар кандай топтор бар экенин, аларды билүү зарылдыгын айтып, бир катар туура эмес диний агымдардын жаңылыш идеяларын белгилешти.

Жыйында Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов буларга токтолуп: «Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген. Шариятта, тагыраагы ханафий мазхабы боюнча аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же тасаттур деп айтылат. Ал эми биздин салттык кийимдерибиз шарияттагы эрежелерге дал келет. Аялзатынын кийинүү тартиптери боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан да билдирүү берилген», – деп билдирди.