Кара-Суудагы «Падаван» мечитинде 228 миң сомдук кайрымдуулук кылынды

Бүгүн, 23-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан «Падаван» мечитинин имам-хатиби Насрулла Газиевдин демилгеси менен Рамазан айында экинчи жолу кайрымдуулук уюштурулду.

Аталган кайрымдуулукта 57 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылып, ар бир баштыкча 4 миң сомду түздү. Жалпы кайрымдуулуктун  суммасы 228 миң сом болду.

Жардам баштыкчасында ун, май, макарон, күрүч, пияз, сабиз, картошка жана башка керектүү азыктар камтылган. «Бул мечит имамынын демилгеси менен Рамазан айында экинчи жолу кайрымдуулук уюштурулуп жатат. Рамазан айында өткөрүлгөн жакшылык иштердин сооптору эселеп берилгендиктен, имамдарыбыздын көпчүлүгү кайрымдуулукка басым жасап жатышат», – деди баш имам-хатиб Абдирашит кары Батыров.