КАБЫР ЖАШООСУ

(Иллюстрациялык сүрөт)

Өлүм менен Махшардагы тирилүү арасындагы жер – кабыр. Кабыр абалын (же барзахты) дүйнө жана акыретти бөлүп турган өзүнчө аалам деген аалымдар бар. Барзахтын сөздүк мааниси «эки нерсе арасындагы тоскоол», «чек ара» дегенди туюнтары бул пикирди кубаттап тургандай. Бирок Азирети Мухаммед (с.а.в.): «Кабыр – акырет аялдамаларынын башталгычы» деп мүнөздөгөнүн[1] негиз алып, адамдын өлүмдөн кийин дүйнөнү таштап акыретке багыт алганы үчүн акырет темасына кошуу туура.

Киши өлгөндөн кийин денеси бузулуп, чирип, түпкү башаты болгон топуракка айланганы үчүн өлүмдөн кийинки абалдар рухтун өлбөстүгүнө жана түбөлүктүүлүгүнө (бакаа) далаалат кылат. Аалымдар рухтун денеден бөлүнгөндөн кийин да жашап кетерин эске алып, рухту өзүнчө бытье (болмуш, өз алдынча бар нерсе) катары карашкан. Айрымдар рухтун өз алдынчалыгын кабыл албастан, рухту дене менен биргеликте өлөт дешкен. Биринчи топтогулары рухтун өлүмдөн кийинки абалдарын түшүнүү мүмкүн экенин айтышса, экинчилери муну мүмкүн эмес дешкен.[2]

Кабыр абалы өлүмдөн кийинки кайыпка (гайб) таандык маселе. Аны акыл жана сезүү органдары менен билүү, өкүм берүү мүмкүн болбогондуктан, бул сыяктуу маселелер Алла жана пайгамбарынын кабарынан, тактап айтканда Китеп[3] жана сүннөттөн маалым болот. Бирок кээ бир учурларда ал булактар тарабынан кабар берилгендердин да өзгөчөлүгүн (махият) жана кандай экенин (кайфият) толук түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албашыбыз мүмкүн. Мындай шартта акылдын функциясы берилген кабардын туура болуп-болбогонун изилдөө, эгер туура (сахих) болсо, анда болгонундай ишенүү жана кабыл кылуу шарт.

Кабыр абалдары сурак, азап жана нимат аттуу үч абалдан турат. 

(Иллюстрациялык сүрөт)

Кабыр сурагы

Өлгөн киши кабырга барган учурунда алгач эле кездеше турган нерсеси – сурак. Сөөк кабырга коюлганда Мункар жана Накир аттуу эки периште келип, ага сурак кылат.[4] Алар маркумдун Раббы, дини, пайгамбары боюнча суроо берет. Бул дүйнөдө ислам жолунда жашап, Алланын ыраазычылыгын таап өткөн киши оңой жооп берет. Туура жашоо образында жашаган маркумга туура жоопторду Алла Таала айттырат. Ал кабыр периштелеринин сүрүнөн жана айбатынан коркпойт. Жана да бейпилдик, тынчтык, бакыт кучагында кыяматтын болушун жана акыреттеги жетчү даражасын күтө баштайт.

Ал эми бул жашоодо Аллага ыйман келтирбей, каапырлык жана Аллага каршы чыгуу менен жашаган, ошол абалында өлгөн кишилер кабыр периштелеринен абдан катуу коркушат. Алардын суроолоруна апкаарып жооп бере алышпайт. Берилген суроого «билбейм» деп жооп берет. Так ошол учурдан баштап аларга кабыр азабы жана жаза башталат. Аларга кыямат болгондон соң тозок көрсөтүлгөндө, кыяматтын болбошун каалашат.

Кабыр сурагынын бар экенине маанилик жагынан таваатур даражасына жеткен хадис жана кабарлар бар. Өзгөчө кабыр сурагынын бар экени боюнча ижмаъ бар. Ушул себептүү кабыр сурагынын бар экенине ишенүү шарт. Курандагы

يُثَبِّتُ اللّٰهُ الَّذ۪ينَ اٰمَنُوا بِالْقَوْلِ الثَّابِتِ فِي الْحَيٰوةِ الدُّنْيَا وَفِي الْاٰخِرَةِۚ وَيُضِلُّ اللّٰهُ الظَّالِم۪ينَ وَيَفْعَلُ اللّٰهُ مَا يَشَٓاءُ۟

«Алла ыйман келтиргендерди бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жакшы сөзгө  бекем кылат. Бирок, Алла ишенбеген заалымдарды адаштырат. Алла эмнени кааласа, ошону жасайт».

(Ибрахим сүрөсү, 27)

– аяты кабыр сурагына далаалат кылары тафсир китептеринде кеңири айтылат. Улуу сахабалардын бири Ибн Аббас (р.а.) жогорку аятты кабыр сурагынын далили деген.

Абдуллах бин Масъуд (р.а.) да «Силерге бир хадис айтсак, сөзсүз түрдө китептен аны тастыктаган бир нерсе алып келебиз. Мусулман кабырга коюлганда «Раббиң ким?», «Диниң эмне?», «Пайгамбарың ким?» деген суроолор берилет. Алла Таала ага туура сөз берет жана ал «Раббим Алла, диним ислам, пайгамбарым Мухаммед» деп жооп берет. Мындан соң анын кабыры кеңейтилет жана жыпар жыт каптайт» дечү жана жогорудагы аятты окуучу.[5] Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) «Сөзсүз түрдө бул үммөт кабырларында сынакка (суракка) тартылууда» дегенин бир катар сахабалар риваят кылышкан.[6]

Абу Хурайрадан (р.а.) риваят кылынганы боюнча пайгамбарыбыз (с.а.в.) кабыр абалы боюнча мындай баяндайт: «Өлүк (же болбосо силерден бириңер деди) кабырга коюлганда, ага кара (турпаттуу) жана көк (көздүү) эки периште келет. Алардын бири Мункар, экинчиси Накир деп аталат. Ал эки периште айтат:

«Бул адам (Мухаммед) тууралуу эмне деген элең? Ал тирүүсүндө айткан сөздү дал өзүндөй кайталайт.  

— Ал Алланын кулу жана Элчиси. Алладан башка кудайдын жок экенине жана Мухаммед Анын кулу жана Элчиси экенине күбөлүк берем, – дейт. Периштелер:

— Сенин бул сөздөрдү айтарыңды билер элек, – дешет.

Андан кийин кабыры жетимиш арыш (кадам) кеңейтилет жана нур төгүлөт. Периштелер ага «жат, укта» дешет. Ал:

— Үй-бүлөмө барып бул абалымды кабар берейинби? – дейт. Периштелер ага,

— Ушундай жыргал уйкуда укта, сени үй-бүлөңдөн эң жакшы көргөн кишиң ойготсун, – дешет. Алла Таала аны жаткан жеринен махшарга ойготконго чейин жыргап уктайт.

Эгерде өлүк мунафык болсо, периштелердин соболуна мындай деп жооп берет:

— Калктын (ага пайгамбар) айткандарын уктум, мен да алар сыяктуу кайталайт элем, ал акыйкатпы-жокпу, билбейт экенмин, – дейт. Ошондо эки периште:

— Сенин мындай жооп берериңди билет элек, – дешет. Андан соң жерге мындай делет: «Бул адамды болушунча кыскыла!». Жер аны качырата кыса баштайт. Ушунчалык катуу кыскандыктан, кабыргалары бири-бирине кирип кетет. Ал махшарга турганга чейин мындагы азабы үзгүлтүксүз уланат».[7]

Башка хадистерде салих кишиге бейиш көрсөтүлөрү айтылса, күнөөкөр кишиге тозок пердеси ачылары кабар кылынган. Бул сыяктуу кабарларда сурак убагында рухтун суроону сезип, жооп бере ала турганчалык жарым жандуу болору, сурактан кийин нимат же азапты сезе турганчалык денеде калары айтылган.

Ахли сүннөт аалымдары суракка дене менен рух бир тартыларын, кабырдагы нимат же азапты экөө тең сезерин карманышат. Кабыр сурагы сөөк көргө коюлса да, коюлбаса да баарына болот. Суроого жооп берүү жашоо образына жараша болот. Жөн гана курулай жаттап алуу менен болбойт. Бул жалганда таблицадай жатка жаттап алса да, бирок жашоо образы Алла каалагандай болбосо, ал жооп бере албайт.

Жыйынтыктай турган болсок, аяттарда ишаара кылынган, хадистерде ачык баяндалган, ошондой эле жүзөгө ашышы акылга каршы келбеген кабыр сурагына ишенүү – акыретке ыйман келтирүүгө кирет. Акыретке ыйман келтирген киши анын алгачкы аялдамасы болгон кабыр сурагына да ишениши керек. Сурак периштелери момунга сүйкүмдүү, каапырга коркунучтуу кейипте көрүнөт. Ыйман, таухид жана башка маселелерде суралуучу суроолор майит жакшы түшүнгөн тилде же өз тилинде суралат.[8]  Ушак айтпоо, күнөө сөздөрдөн сактануу, түшүнүп жана аңдап Куран окуу сыяктуу көркөм амалдар кабырдагы сурактын оңой өтүшүнө себепчи болот.      

Кабыр сурагы мукаллаф болгон бардык пендеден суралат. Бирок Алла Таала өзү каалап, кээ бир кулдарына сыйлык катары кабыр сурагынан бошотушу да мүмкүн. Анткени Ал баарына кудиреттүү эмеспи!

Кабыр азабы

Алла Таала кулдарын күнөөлөрдөн тазалоо үчүн бир катар сыноолор жана ооруларды даярдаган. Дүйнөдө күнөөлөрүнөн толук тазаланбагандар барзах ааламында тазаланат. Эгерде бул жерде да тазаланбаса, тозокто тазаланат. Мына ушундайча таптаза болгондо гана бейишке кирет. Себеби, бейиш тазалардын мекени. Дүйнөдө ыйман келтирбегендерге жана Аллага итаат кылбагандарга барзахтагы жана махшардагы тазалоо (жазалоо) жетиштүү болбойт, булар тозокто түбөлүк жазаланышат.

Демек, кабырдагы азап да, нимат да кишинин дүйнөдөгү абалына жараша болот. Башкача айтканда, адамдар барзах ааламында жүздөшө турган абалын бул дүйнөдөгү жашоосунда даярдайт. Ал жерде жакшыларга жакшылык жана сыйлык, а эми жамандарга жаза жана азап бар.

Ахли сүннөт вал-жамаат кабырда сурак, азап жана ниматтын болору туурасында иттифак кылышкан (бир пикирге келишкен). Куран жана сүннөттө кабыр азабына ачык далилдер болгондуктан, кабыр азабынын болушуна ишенүү шарт.

أًمْ حَسِبَ الَّذِينَ اجْتَرَحُوا السَّيِّئَاتِ أّن نَّجْعَلَهُمْ كَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَوَاء مَّحْيَاهُم وَمَمَاتُهُمْ سَاء مَا يَحْكُمُونَ

وَخَلَقَ اللَّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ وَلِتُجْزَى كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

“Же жаман иштерди жасагандар, өздөрүн – ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган адамдар сыяктуу эле биз да жашоодо, өлүмдө алар менен бирдейбиз деп ойлошобу? Алардын (өздөрүнчө) чыгарган чечимдери кандай жаман?

Чындыгында, Алла асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Ар кимге кылган ишинине жараша берилет[9]. Алар адилетсиздикке учурашпайт”.

(Жаасия сүрөсү, 21-22)

Бул аяттар баарs амалына жараша мамиле көрөрү, момун менен каапырдын акыбети бирдей болбогонуна далаалат кылат. Демек, Аллага ыйман келтирүү менен бирге жакшы амал жасагандар кабыр ниматына ээ болсо, ыйманы жана жакшы иш-аракеттери жоктор азап ичинде болушат.

Кабыр азабынын бар экенинин далилдеринин бири мына ушул аят. Аллах Таала Фираун коому тууралу мындай дейт:

النَّارُ يُعْرَضُونَ عَلَيْهَا غُدُوًّا وَعَشِيًّا وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ أَدْخِلُوا آلَ فِرْعَوْنَ أَشَدَّ الْعَذَابِ

“Аларга (Фираун менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат. Ал эми, Кыямат болгондо (алар тууралуу): «Фираун элин эң катуу азапка киргизгиле!» деп айтылат”

(Мумин, 46).

Бул аят кабыр азабынын бар экенине далил. Анткени кыямат күнү мындан да чоң азапка кийирүү буйрулганына караганда, ага чейинки азап кабыр азабынан башка эч нерсе эмес. Кабыр азабына далаалат кылган башка аяттар да бар (Нух, 25; Тоха, 124; Тообо, 101; Сажда, 21; Тур, 47).

Кабыр азабы тууралуу хадистер арбын. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Кабыр азабынан сактангыла» деп буйруп,[10] өзү lf кабыр азабынан Аллага сыйынган: “Оо, Аллах! Мен сенден паана (коргоо) тилеймин: Жаханнамдын азабынан, кабыр азабынан, өмүр менен өлүмдүн фитнасынан жана аль-Масих ад-Дажжалдын фитнасынан”.[11]

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кабыр сурагынан кабар бергенден кийин каапырлар жана мунафыктар суроого жооп бере албагандан кийинки азапты мындайча сүрөттөйт:

«…Андан соң темир токмок менен мойнуна ушунчалык катуу урулганда каапыр же мунафык ушундай бир чаңырат дейсиңер, инсан жана жинден башка бүт жандуу анын чаңырыгын угат».[12]

Кабырда каапыр, мушрик жана мунафыктар азап көрөрү анык. Ошону менен бирге эле момундардан күнөөкөр болгондору да азапка дуушар болот. Адам өлтүрүү, зынаа, уурулук сыяктуу арам иштерге барган момун-мусулмандар кабырда азапталат. Ал тургай хадистерде заарадан жакшы тазаланбоо да кабыр азабына тушуктурары айтылган. Демек, чоң күнөөлөрдүн азабы да чоң. Албетте, ыймандуулар кабыла турган кабыр азабы каапырлар жана мушриктердин азабынан жеңилирээк.[13]

Кээ бир адамдар кабырда дененин чирип кетерин негиз алып, кабыр азабына ишенбейт. Бирок кабыр азабына тартуу үчүн сөөк жаңы болушу шарт эмес го! Тирүүлүктө ооруну сездирген Алла Таала өлүккө сездирүүгө албетте, кудиреттүү! Ал тургай өрттөлгөндөр, бомбада жарылып кеткендер, жырткычтар жеп салгандар, деңизге ыргытылып балыкка жем болгондор – бүт баары кабыр сурагына тартылат. Алар да жакшы болсо кабыр ниматына, жаман болсо азабына тушугушат.

(Иллюстрациялык сүрөт)

Кабыр ниматы

Кабыр ниматы же көр жыргалчылыгынын барлыгына далил болгон аяттар жана хадистер бар. Ушул себептүү кабыр ниматына ишенүү керек. Жогоруда жамандар азапка дуушар болорун баяндаган нас ошол эле учурда жакшылар үчүн кабыр ыракатынын бар экенине да далил.

Алла Таала шейиттердин барзах жашоосунда тирүү болорун жана Өзү тарабынан ырыскыландырыларын кабар кылган:

وَلاَ تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ اللّهِ أَمْوَاتًا بَلْ أَحْيَاء عِندَ رَبِّهِمْ يُرْزَقُونَ

فَرِحِينَ بِمَا آتَاهُمُ اللّهُ مِن فَضْلِهِ وَيَسْتَبْشِرُونَ بِالَّذِينَ لَمْ يَلْحَقُواْ بِهِم مِّنْ خَلْفِهِمْ أَلاَّ خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلاَ هُمْ يَحْزَنُونَ

«Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү өлүк деп атабагыла. Алар – тирүү жана Эгесинин алдында ырыскыга бөлөнүшөт.

Алар Алланын мээрими менен өздөрүнө (Бейиште) берилген нерселерине кубанышкан абалда, арттарынан эрчибей калгандарды  да: “Аларга коркунуч жок. Алар кайгырышпайт”, – деп сүйүнчүлөшөт».

(Аали Имран, 169-170)

Башка бир аятта:

وَلاَ تَقُولُواْ لِمَنْ يُقْتَلُ فِي سَبيلِ اللّهِ أَمْوَاتٌ بَلْ أَحْيَاء وَلَكِن لاَّ تَشْعُرُونَ

“Алла жолунда өлтүрүлгөндөрдү[14] «өлүктөр» деп айтпагыла. Жок! Алар – тирүү. Бирок силер сезбейсиңер».

(Бакара, 154)

Бул аяттарда салих өлүүлөрдүн тирилтилери жана нимат берилери, бирок бул нерсенин биздин тирүү кезибизге окшобой, башкача бир абалда болору айтылууда. Бул тирүүлүктү метафоралык (мажаазий) маани катары кабыл алуу жарабайт. Анткени мажаазга эч бир себеп да, далил да жок. Демек, шейиттер руханий да, тулку-бой (баданий) жактан да тирүү болуп, Алланын нимат-жакшылыгын жана ырыскысын анык сезишет. Бир гана шейиттер эмес, дин жолунда туура жана мыкты жашап өткөн момун-мусулмандар да кабыр ыракатына балкыйт.

Ар ким өз даражасына жараша түрдүү-түрдүү кабыр сыйына ээ болот. Айталы, кабырдын кеңейтилиши, жарыктанышы, жашыл тулаң чөп өсүп, бейиш бакчасына окшошуусу, момунга эрте-кеч бейиштеги макамынын көрсөтүлүшү, момундарга өз амалдарынн жолдоштук кылышы ж.б.

Куран жана сүннөттөн маалым болгондой, кабыр жана барзах жашоосу өлүүлөрдүн тирилишине, башкача айтканда махшарга чейин уланат. Бул учурда каапырлар жана мушриктер үзгүлтүксүз азапта болушат. Ал эми момундардын бир даары жазада болсо, бир даары кабыр ыракатын көрөт. Дагы бирилеринин болсо кабыр азабы бүтүп, кыяматты күтөт.

Алла Таалам баарыбызды кабыр азабынан сактасын. Оомийн.  

Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин 1-орун басары


[1] Ахмад бин Ханбал, Муснад

[2] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 438-б.

[3] Ыйык Куран

[4] Тирмизи, Жанаиз 70

[5] Байхаки, Исбату Азабул-Кабр

[6] Муслим, Жаннат 17; Насаи, Жанаиз 115; Ахмад бин Ханбал, 3-т.

[7] (Хасан хадис) Тирмизи, Жанаиз 70

[8] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак 442-б.

[9] Демек, албетте капыр менен момун окшош бааланбайт

[10] Муслим, Жаннат 17.

[11] Муслим: 590

[12] Бухари, Жанаиз 66

[13] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак 446-б.

[14] Шейит кеткендерди