Бишкек шаардык казыятында ишембилик өттү

Бүгүн, 24-март Бишкек шаарындагы «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте Бишкек шаардык казыятынын жана борбордук мечиттин кызматкерлери ишембилик өткөрдү.

Ошондой эле Бишкек шаарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев жеке көзөмөлү менен шаардагы бардык мечиттерде ишембилик иш-чарасы уюштурулду.

«Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, ордо калаадагы бардык диний мекемелерде ишембилик өткөрүлүп жатат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан: «Тазалык – ыймандын жарымы». Тазалык дубалардын, ибадаттардын кабыл болуусуна өбөлгө. Ошондуктан бул иш-чара жуманын ар ишемби күнү болуп турат. Тазалык иштери бир гана мечиттин аймагы менен чектелбестен көчөлөр, жол жээктери дагы тазаланып жатат», – деп билдирди казы орун басары.