Алибек ажы Жусупов Араван районундагы ажылык иштеринен кабар алды

Ош облусунун ажылык иштери боюнча куратору Алибек ажы Жусупов Араван районундагы ажылык иштери боюнча жооптуу оператордун ишмердүүлүгү боюнча кабар алып, жүрүп жаткан иштер менен жеринен таанышты.

«Мына, буйруса ажылык иштери да жыйынтыкталууда. Ажылык милдетин аткаруу үчүн аттанган зыяратчыларга тиешелүү сабактарды уюштуруп, бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек», – деди Алибек ажы Жусупов.

Айта кетсек, 2024-жылы Араван районунан 227 адам ыйык ажылык сапарына аттанууда.