«Көлмө» медресесинин студенттери Чоң Чүй каналынын жээгин тазалашты

Кечээ, 23-март күнү «Көлмө» медресесинин студенттери жергиликтүү муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте ишембилик өткөрүштү. Иш-чарага муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, «Көлмө» медресесинин мүдүрү Ырысбай ажы Ахунбаев баштаган окутуучулар жана студенттер катышты.

 «Тазалык – бул динибиздин негизги бөлүгү. Ошондуктан биз сөзүбүз менен эле эмес, иш-аракет аркылуу да көрсөтөлү деп, бул жолкусунда диний мекемени эмес, коомдук жайларды, көчөлөрдү тазалоону баштадык. Муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте Чоң Чүй каналынын жака-белин жана көчөлөрүн тазаладык. Муну менен чектелбестен, жуманын ар ишемби күндөрү коомдук жайларда ишембиликти улантып турабыз», – деди Ырысбай ажы Ахунбаев.