Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров алгачкы кызматтык иш сапары менен Баткен облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар Баткен облусуна иш сапары менен барды.

Азирети Муфтий баштаган жумушчу топ иш сапардын алкагында Баткен казыятынын жана шаар-райондордун баш имам-хатибдери, медресе мүдүрлөрү менен жолугушту. Азирети Муфтий баштаган аалымдар тобуна Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов аймактагы диний абал жана диний түзүмдөрдүн (казыят, хатибияттар) ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Жумушчу топтун бир бөлүгү Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев менен чек ара окуяларында жабыр тарткан жоокерлердин жакындары үчүн Ыйык Рамазан айынын урматына Баткен шаарындагы “Айкөл” кафесинде уюштурулган муфтияттын ооз ачыруу саамалыгына катышты.

Ал эми Азирти Муфтий баштаган аалымдардын кийинки тобу Баткен районунун Төрт-Гүл аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен жолугуп, Мекенди коргоодогу эмгектери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Жоокерлер менен жолугушууга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басарлары Тимур Мадияров менен Жанибек Исаков катышты.

Дин аалымдары жана жоокерлердин катышуусунда өткөн Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулган ооз ачыруу иш-чарасында Азирети Муфтий мекен сакчылары менен биргеликте ооз ачты.

КМДБ жетекчиси ооз ачыруу иш-чарасында жалпы катышуучуларды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, Мекенди коргоонун пазилеттерине токтолуп, насаат-кеңештерин айтты. Муну менен катар чек ара окуясында каза болгондорго Куран окулуп, бата кылынды.

“Аллах Таалам чек ара окуяларында каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштин төрүнөн орун берсин. Жараткан бизге жакшы күндөрдү тартуулап, ар түрдүү балээлерден алыс кылсын. Жергебизде тынчтык, өнүгүү, элибизде биримдик  болсун. Ифтарлыгыбызды Алла Таалам кабыл кылсын”, – деди Азирети Муфтий.

Иш сапардын жүрүшүндө Азирети Муфтий Баткен шаарынын борбордук «Нуъмани» мечитинде жергиликтүү тургундар менен таравих намазын окуп, намаз алдында тараба баянын жасады.