Аламүдүн районунда кайрымдуулук иштери уланууда

Чүй облусунун Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Абдурахман ажы Анаркуловдун демилгеси менен элетте жашаган 100 муктаж үй-бүлөгө атын атагысы келбеген кайрымдуу жарандын демөөрчүлүгү менен азык-түлүктөр таратылып берилди.

«Пайгамбарыбыз куттуу хадисинде белгилегендей, «Садакадан байлык азайбайт». Рамазан айында аткарылган кайрымдуулуктар башка айларга караганда сооптураак болот. Аз нерсе болсо дагы кайрымдуулук кылып, жок дегенде жакшы сөз айтып болсо да ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калалы», — деп белгиледи баш имам-хатиб.