Бекназар ажы Жапаров «Имам ат-Тирмизий медресесинин аялдар бөлүмүн зыярат кылды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров «Имам ат-Тирмизий» медресесинин аялдар бөлүмүн зыярат кылып, студенттерине төмөнкү маселелер боюнча баяндама жасады.

1. Исламдагы аялзатынын кийнүү адеби;

2. Никаб, паранжа жана кара чүмбөт кийүү маселеси;

3. Матуриди акыйдасынын маанилүүлүгү.

Бекназар ажы Жапаров алгач жалпы мугалимдер жана студенттер менен амандашып, Рамазан айынын берекесин тилеп сөз баштады:

“Урматтуу мугалим эжекелер жана студенттер! Ислам тазалыктын, аруулуктун жана уяттуулуктун дини. Жараткан Кудай Таала ислам дини келери менен адамзатынын даражасын улуулап, анын ичинен аялзатына өзгөчө көңүл бурган. Негизи уяттуулук туурасында сөз болсо, биринчи аялзаты көзүбүзгө элестелет. Анткени аял уяттуулуктун символу. Ислам шариятында, ханафи мазхабыбызда аял кишиге тиешелүү кандай кийимдерди кийүү зарылдыгы боюнча айтылган. Аялдын уяттуу жерлери (авраты) деп жүзү, эки колу (алаканы) жана кызыл ашыктан асты тарабынан башкасы айтылат. Кадырлуу энелер, эжелер жана карындаштар! Кудай Таала буйруган иштерде гана жооп беребиз. Андыктан шариятты карманууда чектен ашпайлы. Кудайга жакын болом деп, башкаларды өзүбүздөн жийркентип, исламдан узакташтырып, таза динибизди жаман көрсөтүп албайлы. Жалпыңыздарды ата-бабабыздан келе жаткан улуттук, шариятка бап кийинүүгө чакырып кетем”, — деп жалпы аялзатына кайрылды.