Ош шаардык казыяты коомдогу айрым аша чапкан көрүнөштөр боюнча талкуу өткөрдү

Кечээ, 24-март күнү №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын кеңсесинде Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан талкуу уюштурулду. 

Талкууга №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы жамааты менен, квартал башчылары, имамдар, аялдардын медреселеринин мүдүрлөрү жана аймактагы активисттер катышты.

Жыйында айрым аялдардын оронуп жүрүүсү (никаб, паранжа), анын артыкчылык-кемчиликтери талкууга коюлду. Иш-чара катышучулары никаб жана паранжа коомчулукта көпчүлүктүн чочулоосун пайда кылгандыгын белгилешти.

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов ислам шариятында аялдардын жүзүнөн, колунан башка жерлери жабылуусу парз экендигин айтып, ал эми жүзүн жабуу мустахаб (аткарса сооп, таштаса күнөө эмес) амалы болуп, кооптуулук жаралган учурда таштоого уруксат берилерин айтты.

Талкуу жыйынтыгында бардык катышуучуларга жарандарга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.