Ысык-Атада кайрымдуулук өткөрүлүп, 70 үй-бүлөгө кубаныч тартууланды

Чүй облусунун Ысык-Ата районун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Убабековдун жана «Амир» мечитинин имамы Идрис ажы Юбуровдун демилгеси менен Ивановка айылындагы 70 муктаж үй-бүлөгө «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен азык-түлүктөр таратылып берилди.

«Аллах Таала ушул өмүрдө баарыбызды жакшы иштерге себепчи кылсын. Бул айларда колубуздан келген жакшылыкты кылып калалы. Буюрса, келечекте да жакшы пландарыбыз бар. Аллах Таала өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак, берекесин берсин», — деп белгиледи баш имам-хатиб Бакытбек ажы Убабеков.