Чоң-Жаргылчак айылында ишембилик өткөрүлүп, мечитке тосмо коюлду

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында мечит имамы Кылычбек Базарбаевдин демилгеси менен мечиттин айланасы мал-жандыктары кирип кетпөө үчүн зым тосмо менен курчалды. Айыл тургундарынын колдоосу менен диний объекттин тегереги толугу менен курчалып, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлө турган болду.

Айыл имамы демилгени колдоого алып, мечитке кызмат кылган элет элине ыраазычылыгын билдирип, Жараткан Алла Тааладан эки дүйнө бакытын тиледи.

Ошону менен бирге айылда мечитти мурда куруп берген Кувейт мамлекетине караштуу кайрымдуулук фонддору тарабынан Чоң-Жаргылчак айылындагы 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары таратылды.