Ош облусунда Рамазан айына карата кайрымдуулук иштери уланууда

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбековдун демилгеси менен медресе жаштарына жана муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштери башталды. Алгач Кара-Суу районундагы «Жабир» кыздар медресесине рамазандык баштыктар жана азык-түлүктөр тапшырылды. Ар бир коробкада тамак-ашка керектелүүчү азыктардын түрлөрү салынууда.

Казы орун басары баштаган аалымдар андан соң 85 жаштагы муктаж энени зыярат кылышып, анын мүмкүнчүлүгү чектелген баласына жакшы сөздөр айтылып, азык-түлүк түрүндө жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

Айта турган болсок, аталган кайрымдуулук «Түркия Диянет вакфы» жана түрк боордоштор тарабынан каржыланды.