Алибек ажы Батыралив: «Тазалыкты сактоо менен жаратылыштын жакшыруусуна салым кошолу»

Жалал-Абад облусунун аймагындагы жалпы мечит-медреселерде, диний окуу борборлордо Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругун ишке ашыруу максатында массалык түрдө ишембилик өткөрүлдү.

Анда КМДБнын түзүмүндөгү диний мекемелердин кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү болгон имараттардын ички жана сырткы абалына көңүл буруп, санитардык эрежелерди сактоо менен айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тазалык иш-чараларын жүргүзүштү.  

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Батыралив ишембиликке активдүү катышкан бардык район-шаарлардагы баш-имам хатибдерге, имам-хатибдерге, диний билим берүү мекемелеринин мүдүрлөрүнө ыраазычылык билдирип, “Тазалык — бул ыймандын жарымы”, ошондуктан сөзсүз жогорку жактан буйрук келишин, же ишемби болушун карап олтурбастан, ар бирибиз өзүбүзгө тиешелүү болгон жайлардын тазалыгына көңүл буруубуз шарт! Тазалыкты сактоо менен жаратылыштын жакшыруусуна салым кошолу», — деди өз сөзүндө.