Бишкекте “Жаштар коопсуз дүйнө үчүн!” аттуу республикалык форум уюштурулду

Бүгүн, 25-март күнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын, 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын Концепцияларын жана 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында “Жаштар коопсуз дүйнө үчүн!” аталышында республикалык форуму уюштурулду.

Иш-чара жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, диний негиздеги чыр-чатактардын, басмырлоонун, эрте никенин, экстремизмдин, терроризмдин жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга багытталган.

Форумга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, ошондой эле тиешелүү докладдары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан өкүлдөр жана өлкөнүн белгилүү спортчулары катышты.

КМДБнын атынан катышкан Мурзакул кары Осмонов форумда радикализмдин жана экстремизмдин динге тиешеси жоктугу, терроризмдин дини жана улуту болбостугу, Мекенди ар кандай кооптуулуктардан коргоонун артыкчылыктары жөнүндө сөз кылып, ислам дининин бейпил, бакубат, тынч, ынтымактуу жана мунасалуу коомду куруудагы ролу эбегейсиз зор экенин билдирди.

Айта кетсек, форумдун соңунда катышуучуларга маалыматтык таркатма материалдар (брошюра, буклет ж.б.) берилди. Ушул сыяктуу форумду Кыргызстандын башка региондорунда дагы өткөрүү пландалууда.