“Эрдем” мечитинде жалпы наркы 200 миң сомдук Рамазан баштыгы таратылды

Бүгүн, 25-март күнү Ош шаарындагы “Эрдем” мечитинде муктаж болгон 63 үй-бүлөгө ар бири 3250 сомдук (жалпы суммасы 204 750 сомдук) азык-түлүк баштыктары таратылды.  

Саамалыкта шаардык казыяттын өкүлү Мустафа ажы Абдиев катышуучуларды ыйык Рамазан айы менен куттуктап,

“Пайгамбарыбыз (с.а.в.) берешен инсан эле. Рамазан айында катуу соккон шамал сыяктуу берешендиги дагы да артчу. Мына ошол сүннөттү жолдоп, сиздерге жардам колун созуп жаткан инсандарга Аллах ыраазы болсун. Ыйык Рамазан айында тутуп жаткан орозоңуздарды, кылып жаткан ибадаттарыңыздарды Аллахым кабыл кылып, убактылуу муктаждыктарыңыздарды кетирип, келечекте берүүчү колдордон болууңуздарды насип этсин”, — деп дуба кылуу менен сөзүн аяктады.