Базар-Коргондо ата-энелерге суицид жана анын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад  облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагындагы  № 31 Алишер Абдырахманов атындагы oрто мектебинин окуучуларына, алардын ата-энелерине суицид жана анын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү багытында атайын иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери,  Базар-Коргон РИИБдин өкүлдөрү, райондун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов жана окуучулардын ата-энелери катышты.

Нармамат ажы Икрамов семинарда адеп-ахлактын зарылдыгы, коомдогу ар кандай чыр-чатактын алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу өз оюн ортого салып, буларга токтолду:

«Урматтуу ата-энелер! Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту, суицидди алдын алуу жана балдарга туура тарбия берүү мезгил талабы. Балдарга тарбия, билим берүүдө жалгыз эжей-агайлардын, мектептин көргөн аракети жетиштүү болбой жатат. Ошондуктан биз, ата-энелер, балдарга үйдөн жетиштүү көңүл бөлүп, окуусуна, тарбиясына маани берип, аларга жетиштүү мээрим бере алсак, балдар балким коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөрдөн алыс болмок. Сиз менен биз бүгүн балдарыбыздын материалдык муктаждыгын чечип жатабыз. Бирок моралдык муктаждыгы дагы деле көйгөй болуп келүүдө. Ага ички жана тышкы миграциянын таасири чоң. Алсак, көпчүлүк балдар бүгүн ата-эне мээриминен алыс болуп, айрымдары чоң ата, чоң энесинин колунда калса, кээ бирлери таята, таэнесинин же башка туугандарынын карамагында. Келиңиздер ардактуу ата-энелер, бүгүн балдарыбыздын материалдык баалуулулуктарына эмес, моралдык баалулуктарына көңүл буруп, аларга жетиштүү мээрим төгөлү».