Чолпон-Атада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ооз ачарлык өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунунун Чолпон-Ата шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген, томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ата-энелерине «Адеп Ахлак» коомдук кайрымдуулук фонду жана Ысык-Көл районунун хатибияты демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ооз ачыруу уюштурду. Иш-чарага жалпы  250 бала катышып, сый тамак тартууланып, көңүлдөрүн көтөрүү максатында оюн-зоок уюштурулуп, ар бир балага жалпы наркы 75000 сомду түзгөн чакан белектер берилди. 

Иш-чарага Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Жапарбек Ормонов, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Нургазы Эсенгелди уулу, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Фархад Акматов, Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев жана демөөрчүлөр катышып, жакшы каалоо-тилектерин айтып өтүштү. «Адеп Ахлак» фондунун төрагасы Аваз Жунушовго райондук администрация тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Ифтар кечеде Ысык-Көл районунун маданият кызматкерлери жагымдуу чыгармаларын тартуулашып, оюн-зооктор уюштурулду. Баш имам-хатиб жалпы катышуучуларга дуба кылып, ден-соолук, жакшылыктарды тилеп, ооз ачыруу иш-чарасы жогорку деңгээлде болгонун белгиледи.

Саамалык соңунда ар бир балага Рамазан айынын урматына даярдалган белектер берилди.