Баткенде Рамазан айынын урматына карата кайрымдуулук иштери уланууда

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын имамдарынын жана «Абу Бакр» мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси менен жалпы 300 үй-бүлөгө, тагыраак айтканда,  атасынан эрте ажыраган жетим балдарга, 65 жаштан жогору жаштагы кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ооз ачарга ысык тамактар даярдалып жеткирилди.

Кайрымдуулук иш-чарасына демөөрчүлүк кылган дал ушул Кызыл-Жол айылынын тургундары. 

«Негизги максат — Улуу Рамазан айында элибиздин ынтымагын бекемдеп, алардын жүрөгүнө кубаныч тартуулоо жана бири-бирибизди берешен, кайрымдуу болууга үндөө болуп эсептелет», — деди аталган кварталдын имамы Кожали Абазов.