Абдирашит ажы Батыров: “Мугалим — мөмөлүү даракка окшотулган улуу инсан”

«Ош облусунун Кара-Суу районунда орозо айында тарбиянын башаты болгон мугалимдер да көз жаздымында калган жок» деп билдиришти облустук казыяттан. Ага ылайык, орозо айынын башынан баштап эле уланып келе жаткан кайрымдуулук иш-чараларында, билимдин булагы, тарбиянын башаты жана билбегенди үйрөткөн мөмөлүү даракка салыштырылган мугалимдер да көңүл сыртында калган жок.

Рамазан айынын өзгөчөлүгү кайрымдуулук, белектерди берүү болгондуктан, ушул ниет менен Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл өкмөтүндөгү “Алим-Төбө” мечитинин имамы баштаган жалпы жамааты Ала-Тоо айыл өкмөтүндө орун алган “Дадан Султанов” атындагы №118 орто мектебин жана “Алим-Төбө” атындагы №93 орто мектебин зыярат кылышып жалпысынан 117 мугалимге суммасы 292 500 сомду түзгөн орозо баштыкчалары белек катары тапшырышты.

Жолугушуунун алкагында “Дадан Султанов” атындагы орто мектебинин директору Макбуба Капарова сөз сүйлөп, өзүнүн жана жалпы мектептин мугалимдеринин жамаатынын атынан “Алим-Төбө” мечитинин жалпы жамаатына ыракмат айтып, ыраазычылык кат менен сыйлады. 

Андан соң, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдурашит ажы Батыров сөз сүйлөп, алгач бардык мектеп жамаатын орозо айы менен куттуктап, андан кийин динибизде илим-билим алуунун орду эбегейсиз чоң экенин белгилеп, ошол эле учурда билим берүүдө мугалимдердин күжүрмөн эмгеги баа жеткис, салымы зор экенин айтты. Мугалимдик кесиптин жалпы эле инсандык үчүн баалуу экенин айтып, бала тарбиялоодо мугалимдердин алда канча машакаттуу эмгегине баа берүү жана сыйлоо керек экендигин айтып, жалпы мугалимдерге дин кызматкерлери жана калың элдин атынан терең ыраазычылыгын билдирди.

Райондун баш имам-хатиби кайрымдуулук жасаган “Алим-Төбө” мечитинин жалпы жамаатына өзүнүн, райондук хатибияттын жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ыраазычылыгын билдирип, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Темирболот Абыкеевдин ыраазычылык катын тапшырды.