Асантур ажы абдрахманов: «Динди туура багыттан үйрөнөлү!»

Ысык-Көл облусна караштуу Ак-Суу районунун Теплаключенко айылында райондук китепканада зордук-зомбулук, экстремизм, терроризм жана радикализм туурасында тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Ак-Суу РИИБнын кызматкерлери, райондук администрациядан өкүлдөр, социалдык колдоо бөлүмүнөн, райондук прокуратурадан жаштардан өкүлдөр жана райондун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахманов катышты.

Жолугушууда баш имам-хатиб терроризм исламдан эмес экендигин баса белгиледи.

«Акыркы убакта радикализм, экстремизм жана терроризм деген терминдер айтылганда эле ислам динин ойлоп калып жатышат. Бул чындыгында туура эмес түшүнүк. Себеби, ислам дини менен жогоруда айтылган терминдердин бардыгы бири-бирине карама-каршы келет. «Ислам» деген сөздүн мааниси эле тынчтык болуп турса, ынтымакка, биримдикке үндөгөн дин болсо, анан кантип эле бирөөлөргө коркунунч алып келип калсын. Терроризм ислам дини эмес. Эгерде ошол исламды туура багыттан, туура жолдогу адамдардан үйрөнсө, азыркы учурда боло калып жаткан бир топ терс көрүнүштөр токтойт эле», — деди баш имам-хатиб.