Ош облусунда кезектеги “Биз менен ооз ачыңыз” иш-чарасы өткөрүлдү

Ош облусунун мусулмандарынын казыяты Ош ОИИБдин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Биз менен ооз ачыңыз” жана “Өмүр — аманат” аталышында иш-чара өткөрүп, жолоочуларга ооз ачарлык баштыкчаларды таратты.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкерлери жана Ош ОИИБдин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чара Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө Ош-Бишкек унаа жолунда, Ош-Эркеш-Там жолунда  жана Ош автобекетинде уланып, Ош шаарынын тургундарына жана меймандарына ифтар үчүн даярдалган баштыкчалар таратылды.

Аталган иш-чаранын бир бөлүгүнө “Барбол” Ата-Мекендик өндүрүш компаниясы  демөөрчүлүк кылды.

Жолоочуларга кайрымдуулуктар облус аймагындагы райондордо да уланууда.