Мустафа Абдиев: «Тарбияга көңүл буралы»

Ош шаарындагы №37 Г.Айтиев атындагы орто мектебинде ата-энелерге багытталган бала тарбиясынын маанилүүлүгү жана өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.Иш-чарага ИДН өкүлү Перизат Айылчиева, Төлөйкөн айылынын ак-сакалдар сотунун төрагасы Азамжан Эрматов жана Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын кызматкери Мустафа Абдиев катышты. 

Мустафа Абдиев  катышуучуларга баяндама жасап, буларга токтолду:

«Бала тарбиясы диндеги эң негизиги көңүл буруучу нерселердин бири. Пайгамбарыбыз (с.а.в.), «Ата-эненин перзенттерине калтырган эң жакшы мурасы — бул аларга берген жакшы тарбиясы» деген. Андыктан тарбияга көңүл буралы. Ал эми  өзүнүн жанын кыйгандар тууралуу  шариятыбыз ал амалды  жектейт. Улуу жол башчыбыз ким өзүн өзү эмне менен өлтүрсө кыяматта тозокто ошону менен азапталарын айткан».