Баткенде “Өмүр — аманат” жана “Биз менен ооз ачыңыз” акциясы өтүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы жана Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун демилгеси менен “Өмүр — аманат” жана “Биз менен ооз ачыңыз” акциясы КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында уюштурулууда.

Биргелешкен иш-чаранын максаты улуу Рамазан айынын касиетин сездирүү, орозону даңазалоо болуп эсептелет.

Иш-чара алкагында айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыйык Рамазан айы менен куттуктоо айтылып, ооз ачуу баштыкчасы берилди. Ошондой эле адам өмүрү баалуу экендиги, жол кыймылынын эрежесин сактоо зарылдыгы айтылып, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакыруу менен маалыматтык түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

“Бул күнү КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүрүчүлөргө Рамазан баштыкчасы таратылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чараны бардык дин кызматкерлери колдоп, активдүү катышууда. Буйруса акция орозо ичи уланат”, — деди Нуридин ажы Мамасабиров.