Кумарбек Орозалиев: «Ата-эне — бул дүйнөнүн бейиши»

Нарын шаарындагы жогорку окуу жайларда; С.Нааматов атындагы НМУда,  Борбордук Азия Универсетинде жана №87 кесиптик лицейинде окуп жаткан студенттерге экстремизм жана терорризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы  болуп өттү.

Аталган иш-чарага УКМК терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн башчысы  Максатбек  Эргешов, НОИИБдин ЭММКАКтын өкүлү Абдыжапар Рахатбек уулу, КР  ДИМКнын Нарын облусундагы өкүлү Алмазбек Максутов  жана Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев катышты.

Бул иш-чарада өлкө аймагындагы агымдар, алардын ичинен каттоодон өткөндөрү жана тыюу салынгандары тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле тыюу салынган агымдарга аралашып, билбестик менен интернет желесинен маалыматтарын бөлүшкөн жарандардын жаш-карысына карабай, мыйзам чегинде чара көрүлөрү баса белгиленди.

«Дин тааныймын десеңиздер өзүбүздүн муфтиятка, казыятка барып туура маалымат алганыңыздар жакшы. Мына ошондо гана сиздер өз келечегиңиздерге жана үй-бүлөңүздөргө коркунуч жаратпайсыздар», — деди УКМК өкүлү Максатбек Эргешов.

Ал эми облустук казыяттын өкүлү Кумарбек Орозалиев: «Бул дүйнөнүн бейишин курбай туруп, акыреттин бейишин кантип курасыздар? Бул дүйнөнүн бейиши — сиздердин ата-энеңиздер. Ал эми Мекенге таза кызмат кылууңуздар — бул жакшы билим алууңуздар. Эгерде билим албай дин карманам десеңиздер, анда эң биринчи «оку!» деп аят түшпөйт эле. Демек биз окуп туруп дин кармана турган болсок, анда биздин адамдарга эч качан зыяныбыз тийбейт», — деди Кумарбек Орозалиев.