Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды

Тиешелүү буйруккан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров кол койду. Жаңы дайындалган казыны жамаатка Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев тааныштырды.

Абибилла ажы Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында туулган.

БИЛИМИ:

1996-жылы Совет айылындагы №72 Кесиптик-техникалык окуу жайында билим алып, «көркөм кооздоочу» адистигине ээ болгон. 2003-2007-жылдары Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» атындагы медреседе окуган.

Диний:  “Азирети Усман” ислам медресеси, Кадамжай району, Өрүкзар айылы. Устазынын дареги, аты-жөнү: Молдо Абдусаттар ажы, Молдо Ахун ажы, Кадамжай району Өрүкзар айылы.

“Расул Акрам” ислам институту. Бишкек шаары-Учкун кичи району. Устазы Молдо Сабыр Досбол уулу. Дареги Бишкек шаары-Учкун кичи району.

Светтик: Кадамжай району Совет шаарчасыдагы № 72 Кесиптик техникалык окуу жайы, Көркөм кооздочу адистиги. Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, бух.учет, анализ жана аудит факультети. Экономика адистиги

ЭМГЕК ЖОЛУ:

1997-1998 — 2004-жылга чейин Жаңы-Жер айылындагы №28 О. Абдрахманов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана черчение сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген;

2007-2009 — «Азирети Усман» медресесинде мүдүрдүн орун басары;

2009-2010 — Жаңы-Жер айылындагы «Имам Аьзам» атындагы мечитте имам;

2010-2015 — Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медреседе баш мударрис;

2013-2016 — Жаңы-Жер айылындагы «Алхаади» атындагы мечитте имам-хатиб;

2014-2015 — Баткен облустук казыятында фатва бөлүмүнүн башчысы;

2014-жылдын 4-март Кыргызстан Аалымдар кеңешинин мүчөсү;

2015-жыл декабрь — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы.

2016-жыл, ноябрь — 2017-жыл, апрель — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;

2017-жыл 3-апрель — Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси.

2019-жылдын 19-февралынан 2021-жылдын апрель айына чейин Аалымдар Кеңешинин төрагасы.

2021-жыл 26-июндагы Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайынын чечими менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.

2021-жылдын 27-июлунан баштап, үстүбүздөгү жылдын 5-апрелине чейин Азирети Муфтийдин орун басары кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.