Каракол шаарында муктаж адамдарга азык-түлүк таратылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын «Иброхим ажы» атындагы мечитинде муктаж, майыптыгы бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар бири 2500 сомдон турган 50 даана азык-түлүк баштыкчалары берилди. Азык-түлүк жардамын таратуу иш-чарасына облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, казыят кызматкерлери, Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант кары Сабриков жана хатибият кызматкерлери катышты. Алгач облус казысы катышуучуларды орозо айы менен куттуктап, ислам баалуулуктары, адеп-ахлак маселелери жана Рамазан айынын пазилеттери туурасында сөз сүйлөдү.

«Бардыгыңыздардын туткан орозоңуздар кабыл болсун. Жараткан Алла Таала Рамазан айындагы аткарылган ибадаттарга кандай убада кылынган болсо, ошол соопторго бардыгыбызды жеткирсин. Рамазан — кайрымдуулуктун, берешендиктин, жардамдашуунун айы. Бул айдын негизги ибадаты орозо болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз: «Кимде-ким Рамазан айында ишеним жана Алладан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» деп айткан. Демек, орозо айында күнөөлөр кечирилет. Кайрымдуулук кылып жаткан бир тууганыбызга Алла Таала ыраазы болсун. Эки дүйнөдө бактылуу болуп, тилеген максаттарыңызга жетиңиз. Үй-бүлө, бир туугандарыңыз менен аманчылыкта болуңуз», — деп облус казысы ыраазычылыгын айтып, батасын берди.

Кайрымдуулук иш-чарага жергиликтүү колу ачык ишкер бир тууганыбыз демөөрчүлүк кылды. Каракол шаарынын баш имам-хатибинин билдирүүсүндө, жеке ишкер тарабынан ар жылы эки ирет кайрымдуулук баштыктары таратылып келет.