Бекназар ажы Жапаров: “Куран түшкөн айда Куран окуудан абзел ибадат жок”

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айыл өкмөтүндө 1976-жылы туулган айыл аймактын тургундарынын демилгеси менен жаштар арасында Курандын 29-30-праларынан жарыш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланды.

Аталган саамалыкка райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров катышып, уюштуруучу жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

“Рамазан айы Куран түшүрүлгөн куттуу ай. Бул айда эң жогорку, эң улуу ибадат — Куран окуу болуп эсептелет. Куран түшкөн айда Куран окуудан абзел ибадат жок. Жараткан Кудай Таалам кайрымдуулугуңуздарды кабыл кылып, улуу күндөрө улуу соопторду насип кылсын”, — деди Бекназар ажы Жапаров.