Тоң районунун баш имам-хатиби мектеп окуучулары менен жолугушту

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Бөкөнбаев айылындагы «Токтобай уулу Шамей» атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде жогорку класстын окуучуларына тарбиялык сабак өттү. Сабак илим алуунун пайдалары, ата-энеге, мугалимдерге болгон сый мамиле кылуу, окуучулар арасындагы рэкетчилик, экстремизм, терроризм боюнча уюштурулду.

«Терроризм, экстремизм, рэкетчилик; мунун баары ислам дининде тыюу салынган нерселер. Бирөөнүн малын коркутуу менен, алдоо жолу менен болсун тартып алуу — бул арам. Бири-бириңердин ортоңордо мындай нерселер болбосун. Тескерисинче улууга урмат, кичүүгө ызат кылып, жардам керек болсо, жардамдашып тургула. Ата-эне, мугалимдер сыйлоого татыктуу инсандар болот. Аларга дайыма сый мамиледе болгула. Али (р.а.) айткан: «Ким мага бир тамга үйрөтсө, мен анын кулумун, кааласа иштетсин, кааласа сатып ийсин» дейт. Мурунку доорлордо кул ээллөөчүлүк заманы болгон эмеспи. Кааласа сатат же иштетет. Али (р.а.) өзүн ошол кулга окшоштуруу менен мугалимдин орду канчалык экендигин белгилеп атат», — деди баш имам-хатиб.