Алай районунун борбордук мечитинде хатм Куран жыйынтыкталды

Ош облусунун Алай районунун борбордук Марифкан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы «Алай-Гүлчө» мечитинде Куран-и Карим толук окулуп бүтүп, дуба тилектер кылынды.

Кечеге ЖКнын депутаты Улан Примов, Алай райондук администарциясынын башчысы-аким Чыңгыз Бапаев, райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков катышып, диний үгүт-насааттар айтылды.

Иш-чара масштабдуу болуп, мечитке келген жарандарга ифтар жана саарлыктар уюштурулуп, кызыктуу конкурстар менен коштолду.

Эскерте кетсек, 14 жылдан бери Кадыр түн кечиндеги ифтар, саарлыктар жана диний конкурстарга «Примов» кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылып келет.