Жети-Өгүздө дагы бир имамга умра сапарына жолдомо берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылынын жаштарынын демилгеси менен айыл тургундарынын атынан имамга ыйык орозо айында умра сапарына жолдомо белекке берилди. Аталган айылдын имамы Акылбек Абдырахманов көп жылдан бери имамдык кызматты аркалап, элет элине ыйман, адеп-ахлак жаатында алгылыктуу эмгектерди аткарып келет. Анын эмгегин айылдаштары баалап, каражат топтошуп ыраазычылык катары ыйык сапарга жолдомо белек кылууну туура көрүшкөн.

Белекти тапшырууга райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышып, жолдомону өз колу менен тапшырып, имамын сыйлап жаткан элге ыраазычылык билдирди.

«Имамдарыбыз бааланып, сыйланып туруусу үлгүлүү иштерден. Сиздерге ыраазычылык билдирем. Имамдарыбыз ушинтип бааланып туруусу эл ичинде адамдардын исламга болгон кызыгуусунан кабар берет. Ал эми кайсы элде ислам жашалса, ал элде ынтымак, биримдик, өнүгүү, илим, жардамдашуу сыяктуу бардык жакшы сапаттар болот», — деди баш имам-хатиб.