Ноокатта динде аша чабуунун кесепеттери боюнча аялдарга багытталган жыйын өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районундагы “Атаназар кары 1” кыздар медресесинде мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуу болуп өттү.

Ага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облусунун казыят кызматкери Алибек ажы Жусупов, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жана укук коргоо кызматкери катышты.

Жыйында “Салттуу исламдык көз караш”, “Коомдогу аялзатынын кийинүү этикасы” жана “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын артыкчылыктуу багыттары” боюнча айтылып, дин эркиндигин кадырлоо чакырылды.

“Алла Таала Куран-и Каримде “…Мен берген нематтарды четке каксаңар, анда азабым катуу” деп айткан. Андыктан бизге берилген дин эркиндигин кадырлап, сактап-барктап, урпактарыбызга өткөрүп берели. Динибизди сактоонун бир жолу, анда аша чаппоо, радикалдык көз караштан алыс болуу эсептелет”, — деди Алибек ажы Жусупов.