Кызыл-Суу айылында муктаждарга кайрымдуулук кылынды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Жети-Өгүз районунун хатибияты тарабынан айылдагы аз камсыз болгон 27 үй-бүлөгө  азык-түлүк, Рамазан баштыктары жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн тазалык, суу чарба ишканасында эмгектенгендерге ишкердин колдоосу менен 80 даана бут кийим таратылды.

Райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу демилгени колдоп берген жарандарга ыраазычылык айтып, жардам алган бир туугандарга ден соолук, ийгилик каалады.

«Азыркы муктаждык убактылуу нерсе экендигин унутпайлы, сабыр кылып, аракет кылсак, кудай берет буюрса. Жараткан Кудай Таала сиздерге ден соолук, ийгилик берсин. Кечинде ооз ачарда дуба кылып коюңуздар. Ал эми бут кийим жагынан, тамак-аш жагынан демөөрчүлүк кылган ишкерлерге ыраазычылык. Алла Таала да ыраазы болуп, орозо айында кылган жакшылыгыңыздарды кабыл кылсын жана тапканыңыздарга береке берсин», — деп баш имам-хатиб батасын берди.