Чүйдө «Өмүр — аманат» жана «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өттү

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жана казыят кызматкерлери Чүй ОИИББ Жол  кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте «Өмүр — аманат», «Биз менен ооз ачыңыз» акциясын өткөрүшүп, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ооз ачар баштыкчаларын таратышты

«Өмүр, жашоо, ден соолук бул адам баласына Жараткандан берилген чоң белектер. Бул нерселердин кадырын билип, унаа менен жолдо жүргөн кезде жолдо жүрүү эрежелерин сактап, өзүңүздүн да, өзгөнүн да жашоосун, ден соолугун баалыңыз», — деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.