Абибилла ажы Кадырбердиев дин кызматкерлерине алгачкы жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 7-апрель күнү жаңы дайындалган Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев казыят кызматкерлерине жана райондун баш имам-хатибдерине алгачкы жыйынын өткөрдү.

Анда облус казысы жалпы кызматкерлерди тыгыз иштешүүгө жана кызмат орундунда Кудайдан коркууга чакырды. Ошондой эле келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, айт намазын окуу, анын убактылары жана садака-фитирди жыйноо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.